Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:30

Президент калкты Туунун күнү менен куттуктады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элин 3-март - Мамлекеттик туунун күнү менен куттуктады. Өз куттуктоосунда өлкө башчы туу эгемендиктин, эркиндиктин эн белгиси экенин эске салып, жарандарды өлкө келечегин бирге курууга чакырды. "Бүгүн Кыргызстанга тынчтык жана бейпилдик керек. Тынчтыкты жана бейпилдикти бузуу аракеттерине биргелешип туруштук берүүбүз зарыл. Биз бирдиктүү эл, ынтымактуу журт болуп, өнүккөн, адилеттүү Кыргызстанды курууга тийишпиз", - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттин туусун 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш кабыл алган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG