Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

АКШ: бюджеттин чыгымдарын кыскартуу жөнүндөгү мыйзамга кол коюлду


АКШ президенти Барак Обама бюджеттин чыгымдарын 85 миллиард долларга кыскартуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Президент мындай чарага каршы болуп, демократтар менен республикачыларды 1-мартка чейин мунаса табууга үндөп келди. Бирок мыйзам чыгаруучулар бюджеттин кайсы чыгымдарын кыскартуу жана кайсы салыктарды көтөрүү маселесинде орток пикирге келе алышкан жок. Эми марттан октябрга чейин өкмөттүк мекемелердин бюджети автоматтык түрдө 5 процентке, Пентагондуку 8 процентке кыскартылмакчы. Бюджет дефицити 11,7 триллион долларга жеткен АКШдагы бул чара, Дүйнөлүк валюта корунун ырастоосунда, дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG