Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Экспертиза: асыроого берилген баланын өлүмүнө кырсык себеп болгон


Орус расмий өкүлдөрү АКШга асыроого берилген Макс Шатто же Максим Кузминдин өлүмүнө кырсык себеп болгон деген америкалык соттук медициналык экспертизанын бүтүмүнө байланыштуу камтамасын билдиришүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин Адам укуктары, демократия жана мыйзам үстөмдүгү боюнча комиссары Константин Долгов 21-январда каза тапкан 3 жаштагы баланын аутопсиясы толук жүргүзүлгөн эмес деген күмөн саноосун ортого салды. Ал АКШдан бардык тиешелүү документтерди тапшырууну талап кылды.

Кремлчил жаш активисттер баларды чет өлкөлөргө асыроого берүүгө тыюу салууну талап кылып, жүрүш жасаганы жатышат. Орус энелери кыймылынын координатору Ирина Бергсет алар ошол эле үй-бүлө багып алган Максимдин энелеш бир тууганы Кристофердин мекенине кайтарылышын талап кылышарын айтты.

Орус бийликтери Максимдин өгөй энеси ага психотроптук дары-дармек берчү жана баланы өлтүрүп койгон деп айыпташууда. Кечээ аутопсия жүргүзгөн техастык 4 доктур анын өлүмүнө кырсык алып келген деген тыянакка келишкен. Адистердин ырастоосунда, Максимдин ичеги карынындагы артерия үзүлүп кеткен.

"Аутопсиянын жыйынтыгын алдык. Аны өткөргөн доктурлардын текшерүүсүнө жана консултация үчүн кайрылган башка адистердин маалыматтарына таянып, Макс Шаттонун өлүмү кырсык болгон деген тыянакка келдик", - деди аймактык прокурор Бобби Бланд.

Өткөн жылдын этегинде Орусияда балдарды АКШга асыроого берүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG