Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Баткен: апкандыктардын Сохко кирип-чыгуусу чечилди


Баткен облусунун Апкан айлынын эли Өзбекстандын Сох районунун Ленбург айылына бүгүндөн тарта кирип чыга алат. Январдагы окуялардан кийин Сох анклавы толугу менен жабылган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин жергиликтүү калктын муктаждыгын канааттандыруу үчүн эки тарап бири-бирине кирип чыгуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бирок жергиликтүүлөр чек арачыларга алдын ала аты-жөнүн жаздырып коюш керек.

Мындан сырткары 15-мартка чейин Сохко кирип, айдоо жерлерге суу келчү каналдарды тазалоого уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" чек ара аскерлиги кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди:

- Баткенде Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринин жыйыны болгон. Анда жергиликтүүлөр жазгы талаа иштери үчүн каналдарды тазалай албай жатканына даттанышкан. Анан эки тараптын чек арачылары жолуккандан кийин, каналдарды тазалоо боюнча макулдашты.

Чек ара кызматынан өзбек тарап менен улам сүйлөшүп, кирип чыгуу шарттарын жакшыртууга аракет кылып жатышканын кошумчалашты. (AKu)

XS
SM
MD
LG