Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Шайба хоккейи боюнча чемпионатта “Ала-Тоо Дордой” финалга чыкты


Бүгүн Бишкектеги шаардык муз майданында шайба хоккейи боюнча Кыргызстан чемпионатынын жарым финалдык беттешүүлөрү өтүп жатат. Анда жарым финалга чыккан Бишкектин “Арстан”, “Хан-Теңири”, Нарындын “Жумгал-Шортон” жана “Ала-Тоо Дордой” командалары ат салышууда. Бүгүнкү биринчи оюнда эки жыл мурдагы чемпион “Хан-Теңири” менен “Ала-Тоо Дордой” командалары ойноп, “Ала-Тоо Дордой” 9:4 эсебинде утту. Кечинде “Жумгал-Шортон” менен былтыркы чемпион “Арстан” тайпалары беттешет.

Эртең чемпиондук макам үчүн финал башталат. Анда биринчилик, үчүнчүлүк жана төртүнчүлүк үчүн ат салышуу болот. Шайба хоккейи боюнча чемпионат 10-декабрда башталып, биринчи туру Бишкекте, экинчи туру Нарында уюштурулган. Оюн үч айлампа менен өтүүдө. (KM/AKu)

XS
SM
MD
LG