Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:12

Карзай НАТОнун соккусун айыптады


Ооганстан президенти Хамид Карзай эки баланын өлүмүнө алып келген НАТОнун аба соккусун айыптады. Окуя бейшембиде Урузган чөлкөмүндө болгон. Отун чогултуп, мал багып жүргөн балдарды согушкерлер менен алмаштырып алышкан. НАТО жетектеген Бейпилдик күчтөрүнүн өкүлдөрү трагедия үчүн жоопкерчиликти толугу менен өздөрүнө алышаарын билдиришти. Контингентинин негизги бөлүгү Урузганда жайгашкан Австралия бийлиги да окуя үчүн кечирим сурады. Бирок командачылык балдардын австралиялык же америкалык аскерлердин огунан каза тапканы белгисиз дейт. Чет өлкөлүк аскерлердин чабуулдарына кабылган бейкүнөө адамдар арасындагы чыгымдын өсүшү Кабул бийлигинин жана катардагы оогандардын нааразылыгын жаратууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG