Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Валеса: Кумса депутаттарды бөлүп коюш керек


Польшанын “Тилектештик” кыймылынын мурдагы лидери Лех Валеса парламенттеги кумса депутаттар эң арткы катарларда же дубал артында отурууга тийиш деп билдирди. Жергиликтүү телеканалдагы интервьюсунда Валеса гей депутаттар азчылык статусун кабыл алууга жана “чакан нерселерге көнүүгө тийиш” деди. Буга чейин парламент кумса жана салттуу түгөйлөрдүн жарандык никесин мыйзамдаштыруу маселесин талкуулаган. Премьер-министр Доналд Тусктун өкмөтүндө бул маселе боюнча орток пикир азырынча жок.

Кесиптик кошуундун активисти, коммунизмге каршы күрөшү менен белгилүү Валеса 1983-жылы Нобель тынчтык сыйлыгын алган. Ал посткоммунисттик Польшанын биринчи президенти болгон.

XS
SM
MD
LG