Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

ФСБ террорчу уюмга тиешеси бар деген шек менен 10 кишини кармады


Санкт-Петербург шаарында тыюу салынган Nurjular исламчыл тобуна катышы бар деген шек менен беш орус, төрт азери жана бир түркмөн жараны кармалды. Маалыматтарга ылайык, алар жашаган жерден орус жана түрк тилдериндеги экстремисттик адабияттар табылган.

Түрк диниятчысы Саид Нерси тарабынан негизделген Nurjular кыймылынын ишмердүүлүгүнө Орусия бийлиги тарабынан 2008-жылы тыюу салынган. Кыймыл ар кандай динди тутунган адамдардын арасына от жагат деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG