Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Жатакана жашоосу жөнүндө тасма тартылды


Бишкектин жогорку окуу жайларынын жатаканасындагы студенттин жашоосу тууралуу баяндаган сериал тартылды. Тасма 25 сериядан тураарын "Азаттыкка" аталган долбоордун уюштуруучулары кабарлады.

Алты студенттин жашоосу, турмуштук көйгөйлөрү, сүйүүсү, окуусу чагылдырылган бул тасмада ошондой эле ар башка улуттагы адамдардын бирге ынтымакта, биримдикте жашай алганы да көрсөтүлөт.

Фильмдин премьерасы Бишкектеги "Октябр" кинотеатрында өттү, кечинде бир катар телеканалдарда көрсөтүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG