Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Карачиде бүгүн аза күтүү күнү


Кечээ шаардын шиит калктуу бөлүгүндө мечиттин жанында автомобилге коюлган бомба жарылып, 45 киши набыт болгон. 150дөн көп адам жараат алганы ырасмий маалымдалды. Аза күтүү күнүнө байланыштуу калаада бүгүн окуу жайлар, ишканалар жана базарлар жабык. Бүгүн суннилердин “Жундалла”(Алланын жоокерлери) экстремисттик уюмунун өкүлүмүн деген адам “Азаттыктын” Пакистан кызматына телефон чалып, бомба чабуулун алар уюштурганын билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек. Жаңы жылдан бери өлкөнүн түштүк батышындагы Кветта шаарында эки жолу бомба чабуулу болуп, андан 200дөй адамдын каны төгүлгөн. Карачи Пакистандын эң чоң шаары.

XS
SM
MD
LG