Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Сирия: Алеппо, Хомс дагы башка шаарларда уруш жүрүүдө


Сирия оппозициясынын сүргүндөгү лидери Муаз Катиб өлкө түндүгүндөгү адаватчылардын кол астындагы аймакка Түркиядан кыска визит менен барды. Сириянын улуттук кеңешинин төрагасы Түркияга чек аралаш Жараблус жана Минбиж шаарларын кыдырып, көтөрүлүшчүлөргө кезикти. Бу тушта түндүктөгү Алеппо, ортолуктагы Хомс жана башка шаарларда катуу уруш жүрүп жатканы маалымдалууда.
Президент Башар Асад The Sunday Times гезитине берген интервьюда Сириядагы кризиске Британиянын кийлигишүүсүн “реалдуу эмес” деди: “Британия маселени милитаризациялаштырып жатса, кантип биз аларды кризисте роль ойноп бер деп чакырабыз? Алар террорчуларга аскердик заттарды жиберип, сириялыктар ортосундагы сүйлөшүүнү жеңилдеткенге аракеттенбесе, биз алардан кырдаалды жакшыртып-турукташтырууга көмөктөшкүлө деп, кантип сурайбыз? Бул логикага сыйбайт.”

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG