Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Президент Карзай Пакистан жетекчилигин сындады


Ооганстандын президенти коңшулаш Пакистанды терроризмге каршы согушка жетерлик күч жумшабайт деп сындады. Хамид Карзай бүгүн Кабылга келген НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен менен чогуу кабарчылар алдында сүйлөп, Пакистан талип козголоңчулары менен жарашууга Пакистан практикалык бир да жардам бербегенин да кошумчалады. Анын айтышынча, жакында Пакистандын Кветта жана Карачи шаарларында шииттерге жасалган кандуу чабуул кырдаал көзөмөлдөн чыкканын, эки өлкө бирдей өрттөнүп жатканын көрсөтөт. Пакистандын баш диниятчысынын өткөн аптадагы билдирүүсү Карзайдын пикиринче, Исламабад терроризмге каршы чындап күрөшпөгөнүн ырастайт. Пакистандын диний кеңешинин башчысы Тахир Ашраф өткөн жумада жанкечтилердин Ооганстандагы чабуулу мыйзамдуу, себеби НАТО башындагы күчтөр Ооганстанды басып алган деген.

XS
SM
MD
LG