Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Апрель окуясы боюнча сотто жабырлануучулар көрсөтмө беришет


Жабырлануучулардын көрсөтмө берүүсү кечээки сот жараянында башталган. Алар негизинен 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдына Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине каршы тынч митингге чыгышканын, элде курал болбогонун сотко билдиришти. Ошондой эле айрым жабырлануучулар митингчилерге ок Ак үйдүн ичиндеги милиция кызматкерлери тарабынан атылганын айтышты.

2010-жылы 7-апрелде президент Курманбек Бакиевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып чыккан элге карата ок атылган. Натыйжада 87 киши набыт болуп, 1200дөн ашуун адам түрдүү жаракат алган.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 2010-жылдын ноябрь айынан тарта уланып келатат. Бул иш боюнча мурдагы президент, премьер-министри баш болгон 28 кишиге айып тагылган. Алардын айрымдары чет мамлекеттерге качып кеткендиктен, сырттан соттолууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG