Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Ошто "Ата-Журттун" тарапкерлеринин митинги башталды


Ош шаардык борбордук аянтта "Ата-Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу, Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен чогулган 20-30 адам турат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы айтууда. Депутаттарды коргоо комитетинин Ош облусу боюнча комитетинин жетекчиси Иосиф Аттокуров "алардын катары дагы толуктала турганын" билдирди.

“Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүбүз деген адамдар 4-мартта жыйын куруп, партиянын 3 депутатын бошотуу жана Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен бүгүн митингге чыгаарын кабарлаган болчу.

Ташиев, Жапаров жана Мамытов былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча соттолууда. Бирок депутаттар өзүлөрү бул боюнча козголгон кылмыш ишти саясый заказ деп сыпаттоодо. (ErN/RK).

XS
SM
MD
LG