Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:10

Нарында жаштар Ак калпак күнүн белгиледи


Бүгүн 5- март күнү Нарын шаарынын борбордук аятында Ак калпак күнү белгиленди. Тынч жөө жүрүш концерт менен коштолду. Шаар мэри Баатырбек Жээналиев жаштарды кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты дайыма урматтап, кийип жүрүүгө үндөдү. Жаштар уюмунун жетекчиси Нурбек Муңайтпасовдун айтымында, бүгүн шаардагы мектеп окуучулары, студенттер жана коомдук уюм өкүлдөрү болуп 500кө чукул улан-кыз аянтка чыкты.

Режиссер Рысбек Жабиров, куудул Борончу Кудайбергенов баштаган маданият өкүлдөрүнүн демилгеси боюнча 5-мартта Ак калпак күнү 2011-жылдан бери белгиленип келатат. (TSh/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG