Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Кытайда парламенттин жылдык сессиясы ачылды


Кызмат мөөнөтү аяктап жаткан премьер -министр Вэн Цзябао болочок президент Си Цзинпин менен кол алышууда. 5-март, 2013-жыл.

Кызмат мөөнөтү аяктап жаткан премьер -министр Вэн Цзябао болочок президент Си Цзинпин менен кол алышууда. 5-март, 2013-жыл.

Кызмат мөөнөтү аяктаган премьер-министри Вэн Цзябао Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын үч миң делегат жыйыналган бүгүн жылдык сессиясынын ачылышында сөз сүйлөп, өлкөдө стабилдүүлүк болорун, экономикалык өсүш быйыл 7,5% түзөрүн белгиледи:

- Ар тараптан кароодон улам биз экономикалык өсүш үчүн быйылкы жылдын максатын 7,5% деп белгилөө максатка ылайыктуу жана зарыл деп эсептейбиз. Бул максатка жетиш үчүн биз талыкпай эмгектенүүбүз абзел.

Бул өсүшкө жетиш үчүн Кытай быйыл бюджеттин сарптоолорун көбөйтөрүн жарыялаган.

Парламент жылдык отурумунда премьер-министрдин бюджет боюнча баяндамасын жактырып, 17-мартка чейин өлкөнүн жаңы лидерлерин дайындаган жатат. Президент Ху Цзинтаону партиянын азыркы лидери Си Цзинпин, премьер-министр Вэн Цзябаону вице-премьер Ли Кэцян алмаштырары күтүлүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG