Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

“Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу боюнча өкмөттөр аралык келишим даярдалат


Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, эки апта мурда Кыргызстандын делегациясы Москвага барып, “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кайткан.

Биринчи вице-премьер белгилегендей, “Кыргызгаз” боюнча келишим Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча буга чейин түзүлүп, ратификацияланган өкмөттөр аралыкка келишимге окшош шарттарда даярдалат. Кол коюлгандан кийин документти ратификациялоо жараяны парламенттен көз каранды болот.

“Кыргызгазды” орус компаниясынын алышы боюнча сүйлөшүү эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда соңку бир нече жылдан бери талкууланып келет. Азыркы өкмөт мындай келишим өлкөнү көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимде турат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG