Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Темир Сариев Кумтөр боюнча Дастан Сарыгуловго жооп кайтарды


Экономикалык өнүктүрүү министри Темир Сариев Кумтөр алтын кенинин акциясына ээлик кылгандардын аты-жөнүн ачык атоосун “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин мурдагы жетекчиси Дастан Сарыгуловдон талап кылды. Ошондой эле ал Сарыгуловдон 2003-жылы жана 2009-жылдагы келишимдерди даярдап, ага кол койгон кишилердин аты-жөндөрүн, ал боюнча анык фактыларды берүүсүн сураган. Темир Сариевдин белгилөөсүндө Башкы прокуратура негиз кылып кылмыш ишин козгогон мамлекеттик комиссиянын корутундусунда комиссиянын колуна тийген документтерде жүргөн жарандардын аты аталган, калганы Башкы прокуратуранын иликтөөсүндө аныкталат.

Кумтөр алтын кенин иликтеген мамлекеттик комиссиянын тыянагына ылайык, Башкы прокуратура жана УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча документтерге кол койгон мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин аракетине укуктук баа берүүлөрү тийиш. Алардын ичинде мурунку президенттер А. Акаев, К. Бакиев, Т. Чынгышев, Д. Сарыгулов, Б. Силаев, К. Кудайбергенов, А. Жакыпов, Н. Танаев, И. Чудинов, Д. Үсөнов, А. Елисеев, М. Бакиев жана К. Курманалиев бар.

"Кыргызалтын” мамлекеттик концернин 1992-1999-жылдары жетектеген Дастан Сарыгулов мурдараак мамлекеттик комиссиянын корутундусу боюнча билдирүү жасап, “мурунку президенттер Акаев менен Бакиевдин тушунда туруп, келишимдерге кол койгон кишилер Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып жиберишкен, алар азыр да бийликте отурушат, бирок элден чындыкты жашырып жатышат” деп билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG