Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Кыргызстан «ITB-2013» эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда


Бул күндөрү Берлинде өтүп жаткан «ITB-2013» эл аралык туристтик биржага Кыргызстан да катышууда. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, биржа Берлиндин башкы көргөзмө борбору "Месседе" өтүүдө. Ага 180 өлкөдөн келген туристтик ассоциация катышып жатат. Арасында кыргызстандык 8 компания бар. Максат - Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, чет элдик туристтерди тартуу.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги да өзүнчө презентация өткөрүп, Берлиндеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн жана немис журналисттерин чакырганы жатат.

Адистердин айтымында, соңку эки жылда Кыргызстанга чет жактан келген туристтердин саны өстү. Айрыкча популярдуу Ысык-Көл, бирок алыскы чет мамлекеттерден келгендердин көбү "жапайы" жана экстремалдык туризмди жактырып, эл баспаган тоо-таштарга барып эс алганды жактырат. (RK)

XS
SM
MD
LG