Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Феминисттер Жогорку Кеңеш алдында митинг өткөрдү


Бишкектик феминисттер бүгүн Жогорку Кеңеш алдына чыгып митинг өткөрдү. Аялдардын укугун коргоо, зордук-зомбулуктан сактоо, сексуалдык азчылык өкүлдөрүн коргоо багытында иштеген бир нече уюм 8-Март майрамына саясый өңүт берүү максатында ушундай акцияга чыкканын кабарчыбыз айтууда.

Кыргызстан жынысы, улуту, ишенген дини, коомдогу статусу жана иштеген кызматына карабай жарандардын укугунун бирдей камсыз кылуу милдетин эл аралык уюмар алдында өз моюнуна алган. Бирок бүгүнкү акциянын катышуучуларынын пикиринде, бул милдеттерин кыргыз бийлиги толук аткарбай жатат. Бул үчүн саясый эрк керек дешет феминисттер.

Акцияга аялдар менен катар эркектер да катышты, жалпысынан отуз чакты киши. Иш-чаранын уюштуруучулары - "Бишкек Феминисттик Демилге СКью", "705" чыгармачыл тобу, “Лабрис”, “Астерия”, “Ганеша”, “Таис Плюс” жана «Айкын багыт» уюмдары. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG