Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Нарында бир нече талап коюлган митинг өтүүдө


Ушу тапта Нарын шаарынын борбордук аянтында митинг өтүүдө. Өзүн уюштуруучулардын бири деп тааныштырган Эркин Асаналиевдин "Азаттыкка" айтымында, "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттарын бошотуу, кредиттик союздарды азайтуу талабы коюлуп, Кумтөр кенин иштетүү ошол жерде жашаган элдин ден соолугун бузуп жатканы айтылууда. Ушундай эле мазмундагы диск жана гезиттер аянтка келгендерге таратылып жатат.

Милициянын жана көз каранды эмес байкоочулардын эсебинде, нааразылык акциясына чогулгандардын саны 100гө чукул. Ал эми митингчилер өзүлөрү 200 деп жатат. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG