Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ISAF талиптердин чабуулдары жөнүндө маалымдоону токтотту


Ооганстандагы эл аралык күчтөр мындан ары талиптердин чабуулу жөнүндө маалыматты жарыялабайт. Мындай чечим АКШ башындагы Коопсуздукка көмөктөшчү эл аралык күчтөр - ISAF 2012-жылы талиптердин чабуулу 7 процентке азайды деген билдирүүсү калп экенин, чынында согушчандардын чабуулу азайбаганын мойнуна алгандан бир аптадан кийин кабыл алынды.

Ооган аскерлеринин согуштук операцияларды жетектөөсү көбөйгөн сайын, талиптердин кол салуулары тууралуу маалыматта так эместиктер көбөйөрү белгиленет ISAFтин бүгүнкү билдирүүсүндө. Себеби ооган күчтөрү “өз алдынча өткөргөн ийгиликтүү операциялардын саны өсүүдө” жана анын баарын ISAF көзөмөлдөй албасы айтылат.

XS
SM
MD
LG