Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Бишкекте Кыргызстан-Бразилия кызматташтыгы талкууланды


Бишкекте Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жандантуу багытында сүйлөшүүлөр өттү. Бразилиянын Кыргызстандагы элчиси Освальдо Биато Жуниоро экономика министри Темир Сариев менен, андан соң айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев менен жолукту.

Расмий маалымат боюнча, былтыр Бразилиядан Кыргызстанга 4,3 миллион долларлык товар импорттолгон. Мурдагы жылга салыштырганда бул 87 пайызга көп.

Негизинен Бразилиядан Кыргызстанга тамеки, кофе жана азык-түлүктүн бир нече түрү ташылып келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG