Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

Еврокомиссия Microsoft компаниясын 731 млн долларга “жыкты”


Дүйнөдөгү ири компьютердик компания монополияга каршы келишимди бузганы үчүн 561 млн. евро (731 млн. доллар) төлөйт. Ырасмий билдирүүгө караганда, америкалык компания 2011-жылы майда жана 2012-жылы июлда Windows программасын колдонуучуларга Интернет браузерин (жүктөгүч программа) тандоого мүмкүндүк бербей, 2009-жылкы келишимди бузган. Анын натыйжасында, Европа Биримдигинде Windows компаниясынын 15 млн. пайдалануучусу Microsof программасын гана колдонууга мажбур болгон.

Евробиримдиктин атаандаштык боюнча комиссары Хоакин Алмуниянин бүгүн билдиришинче, Биримдик биринчи жолу келишимди бузган компанияга айып салды. Microsoft өзү келишимди бузуусун “техникалык катачылык” менен түшүндүргөнү кабарланды. Биримдик буга чейин компьютердик программалар менен камсыздоочу компанияга үч ирет айып салган. Анын баарын кошкондо Microsoft 2, 2 млрд. евро айып салынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG