Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Британия сириялык эрегишчилерге бронемашиналарды берет


Британ өкмөтү Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан көтөрүлүшчүлөрдү соот кийим жана бронемашиналар менен камсыздайт. Бул жөнүндө Британиянын коргоо министри Уильям Хейг билдирди. Анын айтышынча, 20 миллион долларлык бул жардам Сириядагы катаал гуманитардык кырдаалга “өтө зарыл, пропорционалдуу жана мыйзамдуу жооп”. Британия буга чейин адаватчыларга 14, 2 млн. долларга электр генераторлорду жана байланыш техникасын берген. Вашингтон Сириянын саясый оппозициясына 60 млн. доллар өлчөмүндө жардам, ошондой эле азык-түлүк жана дары-дармек берерин өткөн айда АКШ Мамкатчысы Жон Керри жарыя кылган. Улуттар Уюмунун эсебинче, Сириядагы эки жылдан берки калабада 70 миң адам набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG