Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Биринчи Май райондук соту “Ата Журттун” депутаттарынын ишин карайт


“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытовдун иши боюнча мурунку соттук териштирүүдө 3-октябрдагы видеоматериалдар көрүлгөн. Ошондой эле айыпталуучулардын талабы менен КТРКнын баш директору Кубат Оторбаев сотто көрсөтмө берген.

Бүгүнкү сот жараянында 3-октябрь ишинин материалдары менен таанышуу уланмакчы.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, фракция башчысы Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 3-октябрда борбордук аянттагы митингден кийин камакка алынышып, аларга “Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган”, “Мамлекеттик бийликти күчтөп басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылган. Ал күнкү акция айрым митингчилердин Ак үйгө тосмосунан ашып кирүү аракети менен коштолгон болчу. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG