Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:07

Чехия, Венгрия, Польша, Словакия бирдиктүү аскер күчтөрүн түзөт


Бул жөнүндө төрттүк 6-мартта Варшавада аяктаган жыйында жарыялады. Билдирүүдө 2016-жылга тынчтык миссиясын аткаруу жана кризистик кырдаалда пайдалануу үчүн 3 миң аскер даяр болору айтылат. Вышеград тобуна кирген экс-комунисттик төрт өлкө Европа Биримдиги менен НАТОго да мүчө. Варшавадагы жыйынга Германия канцлери Ангела Меркел жана Франция президент Франсуа Олланд да катышты. Улуттар аралык аскердик кызматташтыкты кеңейтүү дүйнөлүк финансылык кризис кезде коргонууга бөлгөн чыгымда азайтканга мүмкүндүк берет, деп белгиленет орток билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG