Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Dow Jones өнөр жай индекси тарыхый рекорд койду


Кошмо Штаттардын ири 30 компаниясынын акцияларынын өтүмдүүлүгүн көрстөкөн Dow Jones индекси шаршемби күнү 42. 47 пунктка же 0, 3 процентке жогорулады жана 14 296, 24гө жетти. Бул өнөр жай индексинин 116 жылдык тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч. Шейшемби күнү Dow Jones индекси беш жыл мурдакы рекорддук көрсөткүчүнө кайра чыккан эле. Акыркы дүйнөлүк финансылык кризистин эң оор учуру: 2009-жылдын март айынан бери АКШнын 30 эң чоң компаниясынын баалуу кагаздарынын базар наркы эки эседен көпкө өстү. Dow Jones индексинин рекорддук өсүшү алдында Американын жеке менчик сектору февралда 198 миң адамды жумушка алганы жөнүндө маалымат чыккан.

XS
SM
MD
LG