Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Акыйкатчы бийлик менен оппозиция үчүн жолугушуу уюштурууда


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун өлкө бийлигин жана оппозицияны диалогго чакырууда. Бул тууралуу бүгүн ал "Азаттыкка" кабарлады. Айтымында, 12-мартта бул үчүн акыйкатчынын кеңсеси эки тарап үчүн ачык болот:

- 13-мартта чоң жыйын болот деп оппозициянын өкүлдөрү айтып жатат. Андан кийин чоң өзгөрүүлөр болот дешүүдө. Калыс адам катары чакырып жатам. Оор, чечилбеген маселелериңер болсо чечип алгыла деп чакырдым.

Акыйкатчынын айтымында, бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу 12-март, саат 11ге пландаштырылууда.

Чакыруу президент, өкмөт, парламент жана оппозиция лидерлерине жиберилди. (RK)

XS
SM
MD
LG