Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

Ооган аялдары 8-Мартты утурлай көчө жүрүш өткөрдү


Жүздөгөн ооган аялдар Кабулда көчө жүрүшкө чыгышты. “Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, алар аялдардын саясый-экономикалык, социалдык укуктарын көбөйтүүнү талап кылып, үй-бүлөдөгү аялдарды уруп-сабоолорду сындашты. Демонстрацияны бейөкмөт уюмдар жана Ооганстандын Аялдар иштери боюнча министрлиги уюштурду. Эл аралык аялдар күнүн утурлай ушундай эле жүрүштөр Ооганстандын башка шаар-кыштактарында да өттү.

Улуттар Уюму быйылкы 8-Марттын девизи катары “Убада бул убада: Аялдарга каршы зобун-зордукту токтотуу үчүн аракеттенчү убакыт”, деген ураанды көтөрдү.

XS
SM
MD
LG