Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Пхенян душмандарына “озунуп ядролук сокку урам” деп коркутту


Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги “Кошмо Штаттар ядролук согуштун отун жакканы турганда, биз баскынчынын штабына озунуп ядролук сокку уруу укугубузду ишке ашырууга көнүгүп көрөбүз”, - деп билдирди. Расмий Пхенян мындай опуза жасагандын алдында Бириккен улуттар уюмунун санкциясына жана Түштүк Корея - АКШ аскерлери жыл сайын өткөрчү маневрга шылтап, 60 жыл мурда бүткөн Корея согушунан кийинки элдешүүнү жокко чыгара тургандыгын айтып коркуткан.

Бүгүн Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жакында Түндүк Корея үчүнчү жолу ядролук сыноо өткөргөнүнө байланыштуу өлкөгө мурда киргизилген санкцияны катаалдатуу жолдорун талкуулайт. Адистердин айтышынча, Пхенянда АКШга ядролук сокку ургудай кубаты жок.

XS
SM
MD
LG