Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Июнь коогасы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды


УКМК басма сөз кызматы кабарлагандай, июнь коогасы боюнча айыпталып издөөдө жүргөн Халилжон Абдурасулов Орусиянын Тюмень шаарында кармалып, 7-мартта Кыргызстанга алып келинди. Ага Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча (расалык, диний же аймактык кастык) боюнча айып тагылган.

Х. Абдурасулов 2010-жылы июнь айында бийлик өкүлдөрүнө каршы курал колдонгон жана элди улут аралык кастыкка ачык эле чакырып жүргөн деп айыпталууда. Ал июнь коогасынын уюштуруучусу деп айыпталып, ушул тапта издөө салынган Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Иномжан Абдурасуловдун бир тууганы.

Халилжон Абдурасуловдун иши боюнча иликтеп-тергөө иштери башталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG