Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Майрам Акаева: Отунбаева менен Бакиевди Аскар Акаев кечире алган жок


Бул тууралуу мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева журналист Жеңишбек Эдигеевге маегинде билдирген. “Роза Отунбаева Бакиевге да чыккынчылык кылган, 2005-жылы ал Бакиевдин оң колу болчу, 2010-жылы кайра аны кууп чыкты” деп айткан Майрам Акаева “Отунбаеванын бийлиги жалаң элдин каны менен балдардын көз жашына турду” деп эсептейт.

Ошондой эле ал 2005-жылкы март окуясынын артында АКШнын ал кездеги Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын чоң аракети турган деп эсептейт.

Майрам Акаева жубайы Аскар Акаев Кыргызстанды бийлеп турганда “Мээрим” кайрымдуулук фондун жетектеген. Алгач Кыргызстанда демократиялык бийлик орноткон Аскар Акаевдин режими бара-бара үй-бүлөлүк бийликке айлануусуна анын аялынын чоң салымы бардыгы айтылып келет жана айрым серепчилердин белгилөөсү боюнча 2005-жылы март окуясынын келип чыгуусуна мурдагы президенттин аялы менен балдарынын бийликке аралашканы түрткү берген.

Аскар Акаев Кыргызстанды он беш жыл башкарып турган, жакында КР Башкы прокуратурасы ага карата “Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишим түзүүдө өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы иштеген” деген айып менен кылмыш ишин козгоду. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG