Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

АКШ Самира Ибрагимге “Каарман аял” сыйлыгын берүүдөн баш тартты


Египеттик активист Самира Ибрагимдин Твиттерде жарыялаган антисемиттик пикирлери, АКШга каршы позициясы үчүн “Каарман аял” сыйлыгы берилбей турган болду. АКШ мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуланддын айтымында, Самира Ибрагим Твиттердеги пикирлерин жокко чыгарып, аккаунтун бузуп кирген бирөөлөр анын атынан жазганын бекемдеген, бирок америкалык тийиштүү кызматтар муну иликтөөнү улантып жатышат.

Самира Ибрагим 2011-жылы Египеттеги аскердик жетекчиликтин “аялдардын никеси жок туруп, жыныстык катнашка барып-барбаганын текшерүү жөнүндөгү” буйругуна каршы чыккан.

Вашингондогу сыйлык тапшыруу аземи жыл сайын Аялдардын Эл аралык майрамы – 8-март күнү өтөт. Бул жылы дагы сыйлык тапшыруу аземине АКШнын биринчи айымы Мишель Обама менен мамлекеттик катчысы Жон Керри катышары күтүлүүдө. 2010-жылы “Каарман аял” сыйлыгы менен Кыргызстандын ошол кездеги президенти Роза Отунбаева сыйланган.

XS
SM
MD
LG