Бишкекте жапон маданиятынын күндөрү өтөт. Эртең, 9-мартта ачылышы "Сейтек" борборунда болот. Ал жерде жапон күрөш искусствосунун фестивалы өткөнү жатат. Кечинде опера жана балет театрында Жакомо Пуччининин "Чио-чио-cан" операсы коюлат. Дирижеру -Коичи Иноуэ, сопрано - Акико Хаякава.
Кино көрөрмандардын назарына 10-мартта Dora Heita тарыхый тасмасы, Нарру Flight комедиясы жана башка кызыктуу фильмдер жапон тилинде орусча субтитрлери менен сунушталат. 13-мартта жыйынтыкталчу маданий иш-чаранын алкагында караоке сынагы, классикалык музыка концерти жана оратордук чеберчилик боюнча сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу жапон элчилигинен кабарлашты. (RK)