Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Таластагы жыйында парламентти таратуу тууралуу айтылды


Таласта өтүп жаткан жыйында мамлекеттик түзүлүшкө курултай институтун киргизүү, люстрация мыйзамын кабыл алуу, каада-салтка негизделген Баш мыйзам түзүү тууралуу сөз болду.

Иш-чараны “элдик курултай” деп атаган катышуучулар бийликтин 3 жылдык ишине саресеп салышты. Алар парламент тарап, бир мандаттуу 35 депутат иштеш керек деп эсептешет.

Жыйында мындан сырткары чек ара, кен байлык маселеси көтөрүлдү. “Кыргыз эл ынтымагы” кыймылы бүгүн Талас шаарында жыйын өткөрүп жатат. Ага өлкөнүн жети дубанынан адамдар чогулаарын билдиришкен. Ал арада облустук бийлик чоң жыйын өткөрүүгө уруксат сурап эч ким кайрылбаганын кабарлады. Жыйынга камданып жаткан айрым таластык активисттер болсо саясий максаты бар жыйынга катышуудан баш тартып жатышканын айтышкан. (MbA/AKu)

XS
SM
MD
LG