Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Венесуэлада Николас Мадуро мамлекетти убактылуу башкарууга киришти


Баш калаа Каракаста вице-президент Николас Мадуро президенттин милдетин убактылуу аткарууга киришүү антын берди.

5-марта дүйнөдөн кайткан президент Уго Чавес көзү тирүүсүндө эле Мадурону өз мураскери деп жарыялаган. Оппозиция болсо Мадуронун президенттин милдетин убактылуу аткаруусуна нааразылык билдирип, Конституцияга ылайык эгер президент дүйнөдөн кайтса, анын милдетин аткаруу парламенттин спикерине жүктөлөөрүн эскертүүдө.

Венесуэлада жаңы президенттик шайлоо алдыдагы 30 күндүн ичинде өтөт.

Кечээ Каракаста Чавес менен коштошуу иш-чарасы өттү. Ага ондогон чет элдик лидерлер жана дипломаттар катышты. Өлкөнүн бийлиги Уго Чавестин бальзамдалган сөөгүн айнек сандыкка салынып, аскерий-тарых музейине коюуга чечим чыгарды.

Венесуэланы 14 жыл башкарган Уго Чавес 58 жашында узакка созулган рак илдетинен көз жумду.

XS
SM
MD
LG