Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Москвада университеттин ректору камакка алынды


Ишембиде Москванын Преображенский райондук соту Мамлекеттик башкаруу университетинин ректору Виктор Козбаненкону камакка алууга чечим чыгарды. Ректор 7 миллион рубл өлчөмүндө пара алган деп шектелүүдө. Тергөө маалында ректор университетке чарбалык жактан тейлөө кызматын көрсөткөн ишкананын өкүлүнөн жаңы келишимге кол коюу үчүн акча талап кылганы аныкталган. Жаңы келишимдин баасы 58 миллион рублди түзгөн. Ректорго жана анын жакын шериктери делген эки адамга каршы кылмыш иштери жума күнү козголгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG