Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Сириялык көтөрүлүшчөлөр барымтага алган филиппиндик аскерлер бошотулду


Ушул жумада Сирия-Израил чек арасындагы Голан дөбөсүндө барымтага түшкөн Улуттар Уюмунун бейкуттук күчтөрүндө кызмат кылган филиппиндик аскерлер бошотулду. Ишемби күнү аскерлер Иорданияга келгенин бул өлкөнүн бийлик өкүлү Самих Маайтах менен Филиппиндин Аммандагы элчиси Оливия Палала тастыктады.

21 аскерди барымтага алууну бир катар өлкөлөр айыпташкан. Мындай окуя 1973-жылкы жаңжалдан кийин Сирия менен Израилдин чек арасындагы туруктуулукка көз салган эл аралык бейкуттук күчтөрүнүн ансыз дагы бошоңдогон беделин түшүрөт деген кооптонуулар айтылган.

XS
SM
MD
LG