Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Нигерияда исламчылар жети чет элдик жаранды өлтүргөнү кабарланды


Нигериядагы исламчыл «Ансару» тобунун согушкерлери өткөн айда уурдалган жети чет элдикти өлтүрүп салышканын билдиришти. Интернетте пайда болгон билдирүүдө Нигерия менен Британия биргелешип куткаруу операциясын даярдап жатканы тууралуу маалымат келгенден кийин согушкерлер барымтадагыларды өлтүрүлгөнү айтылат.

16-февралда Нигерияда уурдалгандардын үчөө ливандык, андан сырткары Британия, Греция, Италия жана Филиппиндин бирден жарандары. Алар Баучи штатындагы ливандык Setraco курулуш компаниясында иштешкен.

XS
SM
MD
LG