Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 23:00

Венесуэлада президенттик шайлоо 14-апрелде өтөт


Өлкөнүн шайлоо кеңеши президенттик шайлоо 14-апрелде өтөт деп жарыялады. Бул тууралуу комиссия өкүлдөрү вице-президент Николас Мадуро президенттин милдетин убактылуу аткарууга киришкен соң шардана кылды.

5-мартта дүйнөдөн кайткан президент Уго Чавес көзү тирүүсүндө эле Мадурону өз мураскери деп жарыялаган. Оппозиция болсо Мадуронун президенттин милдетин убактылуу аткаруусуна нааразылык билдирип, Конституцияга ылайык эгер президент дүйнөдөн кайтса, анын милдетин аткаруу парламенттин спикерине жүктөлөөрүн эске салган эле.

Эми Мадуро шайлоого Социалисттердин атынан талапкер катары катышуусу керек. Мадуро алдыдагы шайлоодо оппозиция лидери, өлкөнүн экинчи ири штаты Миранданын губернатору Энрике Каприлес менен атаандашат деп күтүлүүдө.

Венесуэланы 14 жыл башкарган Уго Чавес 58 жашында узакка созулган рак илдетинен көз жумган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG