Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Кытай өкмөтүнүн курамы кыскарат


Кытайдын жетекчилиги өкмөттөгү министрлердин санын кыскартып, бийлик курамын реформалоону жарыялады. Ага ылайык, учурдагы 27 министрликтин экөө кыскарат. Соңку кезде коррупциялык фактылары ашкереленген Темир жол министрлиги жоюлуп, анын милдети башка мекемелерге берилет. Үй-бүлөнү пландоо министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине кошулат. Бул план бүгүн Бүткүл кытайлык курултайда белгилүү болду. Реформалоонун жаңы планы 17-мартка чейин созулган курултайда бекитилиши керек.

Коммунисттик партиянын жетекчиси Си Цзинпин ушул күндөрү Бээжинде өтүп жаткан курултайда президент деп расмий жарыяланат.

XS
SM
MD
LG