Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

"Эл үнү" Кумтөр келишимин жокко чыгаруу долбоорун парламентке сунуштайт


Бүгүн “Эл үнү” оппозициялык кыймылы Кумтөр келишимин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, кыймыл мүчөлөрү мыйзамды демилгелөө үчүн 10 миң жарандын колун топтоп, Юстиция министрлигинен каттоо күбөлүгүн алышты. “Эл үнү” кыймылы иштеп чыккан бул долбоордо Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда 2009-жылы түзүлгөн келишимди дароо жокко чыгаруу сунушталган.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган.

“Центерра Голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG