Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Камбар-Ата-1 ГЭСинин ТЭНин даярдоо сынагы аяктады


Бүгүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун техника-экономикалык негиздемесин долбоорлорун кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Камбар-Ата-1" жабык акционердик коомунун төрагасынын кеңешчиси Таалайбек Акунов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрүнүн өкүлдөрү кирген конкурстук комиссия келип түшкөн долбоорлор арасынан даяр негиздемени 30-мартка чейин аныкташы керек. Азырынча канча долбоор түшкөнү тууралуу маалымат айтыла элек.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы 4 ГЭСти куруу боюнча 2012-жылдын сентябрь айында макулдашкан. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү. Өткөн айда Жогорку Кеңеш бул ГЭСтерди куруу боюнча келишимди ратификациялаган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG