Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:45

Бишкек шаар кеңеши мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин кароодо


Ушул тапта Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселесин карап жатат. Жыйында муниципалдык кызматтардын жетекчилерин иштен алуу маселеси да талкууланып жатат. Шаар кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловдун айтымында, коалициялык көпчүлүк “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, атаандаштык саясаты, капиталдык курулуш башкармалыктарынын жетекчилерин, ошондой эле вице-мэр Виктор Красиенкону кызматынан бошотууну, мэр Иса Өмүркуловдун аткарган иштери боюнча 3 айдын ичинде отчет беришин талап кылышууда. Мындан сырткары шаардык каржы башкармалыгынын жетекчисинин, Бишкек шаарынын башкы архитекторунун жоопкерчилигин кароо демилгеси көтөрүлдү.

Өткөн аптада шаар мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө маселесин талкуулоо үчүн кезексиз сессия чакыруу демилгесин шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG