Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын ала баштайт


Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынынын жетекчисинин орун басары Самат Алиевдин бүгүн “Азаттыкка” айтымында, Казакстан Кыргызстандын “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарынан сүт азыктарын сатып алууга расмий макулдук берди. Азырынча сүт азыктары өтө элек. “Бүгүн тактап жатабыз. Ушул жумадан тартып сатыла баштайт”, - деди Алиев.

Казак тарап Бажы биримдигинин эксперттери текшерген 11 ишкананын ичинен Ысык-Көлдөгү “Ак жалга” жана Таластагы “Эмиля” ишканаларынан сүт сатып алуудан толугу менен баш тартты. Ал эми 7 ишкана кайрадан текшерилет.

Казакстан Кыргызстандан өткөн жылы октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малдын башын идентификациялоо мыйзамы жоктугу жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы себеп болгону айтылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG