Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Бишкектин жалпы карызы 1,200 млрд. сомдон ашат


Бул тууралуу бүгүн iаардык кеңештин кезексиз жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Эрнис Докенов билдирди. Анын айтымында, Бишкектин карызы шаардын чыгаша бөлүмүнүн 19% ашуунун түзөт. Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, учурда таштандыларды кайра иштетүүчү заводун түрк насыясына куруу маселеси чечилип жатат. Муну кошкондо Бишкектин жалпы карызы 3 млрд. сомго чукулдап барат.

Мэр Иса Өмуркулов депутаттардын шаар бюджети дефолтко жакындап калды деген пикирине жооп катары акыркы учурда бюджет маселесин оңдоп келатканын, бардыгы көзөмөлдө экенин билдирди.

Бүгүн шаардык кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, “Республика” фракциясынын мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө сунушун карап жатат. (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG