Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Жалал-Абаддагы митингге атчандар кошулду


Облбийлик алдындагы митингде 32 атчан турат. Уюштуруучулардын
маалыматында, нааразылык акциясына азыр үч минден ашуун, байкоочулардын
болжолунда миңге чукул, облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат
катчысы Жылдызбек Аттокуровдун маалыматына караганда, 700 адам катышууда.
Митиннг тынч өтүп жатат. Акциядагылар камактагы үч депутаттын
бошотулушун, соттордун адилет чечим кабыл алуусун, Кумтөрдүн мамлекетке
кайтылышын жана баш прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишин талап кылышууда. Алар талаптары аткарылмайын митинг токтотулбасын эскертишти.

"Азаттыктын" кабарчысы пикирлерин сураган адамдар күндө болуп жаткан
митинг элди тажатып, ремонт болгон аянтты аттын такалары оюп-бузуп
салаарын билдиришти. Коомдук коопсуздукка шаардык, облустук милиция көз
салууда.(YA)

XS
SM
MD
LG