Түнтүү маалында Ноокен районунун Достук айылында жашаган отуз жаштагы Б.Ч аттуу адамдын үйүнөн экстремисттик маанайдагы 10 даана китеп жана 3 даана диск табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” кабарлады. Аталган факт боюнча тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө. Табылган экстремисттик адабияттарга теологиялык экспертиза жүргүзүү белгиленди. (YA)