Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Ирактык ал-каидачылар сириялык 48 жана ирактык 9 аскерди жок кылды


“Ал-Каида” менен байланыштагы ирактык топ өткөн жумада Ирактын батышында сириялык 48 жоокерди жана ирактык тогуз чек арачыны жок кылганын билдирди. Бул жөнүндө Ирак ислам мамлекети деп атаган топ дүйшөмбү күнү өз сайтында кабарлаганын АКШда жайгашкан SITE Intelligence Group маалымдады. Иракта баш калкалап, медициналык жардам алууну көздөгөн сириялык аскерлер Анбар провинциясында ирактык аскерлер коштоп артка баратканда буктурмага кабылган. Ирактын коргоо министрлиги окуя 4-мартта болгонун маалымдады. Бул окуя “ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмү менен сириялык козголоңчулар тарапта согушкан радикалдуу исламчылар өз аракеттерин координациялап турат деген боолгоолорду жаратты. Улуттар уюмунун эсебинче, 2011-жылы мартта Башар Асаддын режимине каршы күрөш башталгандан бери 70 миңден ашуун сириялык апаат болду.

XS
SM
MD
LG